super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери менен жолукту 

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга биринчи жолу расмий сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Акылбек Жапаров ардактуу конокту жылуу тосуп алып, аны менен жолукканына жана жеке таанышканына кубанычта экенин белгиледи.

Үстүбүздөгү жыл биздин эки тараптуу мамилелерибиз абдан активдүү болгонун канааттануу менен белгилегим келет. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыгарууга салым кошконун белгилей кетейин. Азыркы учурда Кыргызстан Кытай менен мамилелери эки тараптуу кызматташуунун тарыхында болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетти деп айтууга болот”, – деди ал.

Ага ылайык, Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул расмий жумуш сапар эки тараптуу кызматташтыкты жана жакшы коңшулук мамилелерди бекемдеп, тереңдетет деген ишенимин айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыктын кеңири спектрин талкуулашты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: