super.kg logo

"Э брат". Сузакта улуттар аралык мүнөздөгү массалык мушташ болду (видео)

 

Сузак районундагы "Бек-Абад" өткөрмө бекетинде улуттар аралык мүнөздөгү массалык мушташ болуп, анын катышуучулары кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

23-октябрда "Бек-Абад" өткөрүү пунктунун жанында мыйзамсыз акча алмаштыруу менен алектенген адамдар тобунун ортосунда массалык мушташ болгон. Ошол эле учурда конфликтте улуттар аралык мүнөздөгү белгилер болгон. Окуя болгон жерге УКМКнын кызматкерлери келип видеого тартып алышкан, бирок жаңжалдын айрым катышуучулары агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, чагымчыл аракеттерге барып, чек арачыларды коркутуп-үркүтүшкөн.

УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы улуттар аралык чыр-чатактын чыгышына жол бербөө жана аны уюштуруучулардын кылмыштуу аракеттерин документтештирүү максатында алардын тергөө органына келишин камсыз кылуу чаралары көрүлгөн.

"Бирок, 1971-жылы туулган И.Д.Э. аттуу жаран тергөө органына келүүдөн баш тарткан. Кийнки күнү аны алып келүү учурунда, анын үй-бүлө мүчөлөрү активдүү каршылык көрсөтүшүп, УКМКнын кызматкерлеринин денесине залал келтиришип, шектүүнү алып кетүүгө аракет кылышып, кызматтык унааларга таш ыргытышкан", - деп билдиришти УКМКдан.

Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси (“Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү”) боюнча И.Д.Э. жана И.Э.Д. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК мүмкүн болгон улуттар аралык чыр-чатактын уюштуруучуларына жана активдүү катышуучуларына мыйзамдардын чегинде эң катаал чаралар көрүлөрүн эскертет.






Сузакта улуттар аралык мүнөздөгү массалык мушташ болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: