super.kg logo

"Адамдар жанталашып чогултуп". Чехияда тик учактан жерге миллион доллар чачылды (видео)

 

Чехиянын борбору Прага шаарында асмандан бир долларлык купюралар жамгыр болуп жаады. Аны жергиликтүү Kazma аттуу блогер уюштуруп, ал үчүн атайын тик учак жалдаган.

Алгач блогер өзүнүн тасмасындагы кодду чечмелей алган адамга миллион доллар убада кылган. Бирок табышмакты эч ким таба алган эмес.

Анда блогер өзүнүн катталуучуларына атайын бир жерди даярдап, аларга жөнөткөн. Бул жер Прагадан 30 чакырым алыстыкта ​​талаа болуп чыккан.

Белгиленген саатта ал жерде тик учак пайда болуп, тик учактан бир миллион долларлык майда купюралар жааган. Ал убакта жер бетинде миңдеген адамдар рюкзактарын кармап блогерди күтүп турушкан.

Жыйынтыгында келгендер рюкзактарына 1 долларлык купюраларды салып кетишти.






Чехияда тик учактан жерге миллион доллар чачылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: