super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Пакистандын тышкы иштер министрин кабыл алды

 

Бүгүн, 25-октябрда президент Садыр Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген Пакистандын тышкы иштер министри Джалил Аббас Джиланини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Пакистан эл аралык жана регионалдык мамилелер системасында маанилүү орунду ээлеп, Кыргызстан эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин айтты.

Мамлекет башчы белгилегендей, эки өлкө ортосундагы мамилелер жыл сайын, анын ичинде Бириккен улуттар уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму сыяктуу эл аралык платформалардын алкагында өнүгүүдө.

Ал бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигине басым жасады.

Маалыматта президент Садыр Жапаров Пакистан менен экспорттук-импорттук позицияларды диверсификациялоого жана пакистандык инвесторлор менен келечектүү долбоорлор боюнча активдүү иштөөгө кызыкдар экендигин билдирди.

"Анда Пакистандын тышкы иштер министри Джалил Аббас Джилани меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет башчысына өлкө президенти Ариф Алви менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу Анвар уль-Хак Какардын жылуу саламдарын жеткирди.

Джалил Аббас Джилани бул анын Кыргызстанга жасаган экинчи сапары экенин жана Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болгонун белгиледи.

Ал мындан ары да өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда эки өлкөнүн мамилелерин жандандырууга даяр экендигин билдирди", - деп билдирди маалыматта.

Мындан тышкары, Джалил Аббас Джилани президент Садыр Жапаровду ыңгайлуу учурда Пакистанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Тараптар биргелешкен аракеттердин аркасында жакынкы келечекте кыргыз-пакистан кызматташтыгы жаңы бийиктиктерге жетээрине ишеним билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: