Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Бишкекке келди
Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунан Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Белгилей кетсек, Алихан Смаилов 26-октябрда Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

