super.kg logo

Apple компаниясынын оригиналдуу өнүмдөрүн алуу үчүн Beeline кеңселерине келиңиздер!

 

Эгер сиз жаңы iPhone сатып алууну чечсеңиз, кыялыңыздагы гаджетти табуу кыйынга турбайт. Бирок Apple өнүмдөрүнө дүйнө жүзү боюнча чоң суроо-талап бар экенин эске алуу керек жана тилекке каршы, жасалма өнүмдөрдү оригинал катары көрсөтүүнү каалагандар көп. Көптөн күткөн сатып алуу кубанычы сизге күмөн саноо жаратпасын десеңиз, текшерилген (ишенимдүү) соода түйүндөрүн гана тандаңыз.

20-октябрдан тарта Бишкектеги Beeline кеңселеринде iPhone 15 жана башка Apple девайстарын сатуу башталды. Бул окуянын өзгөчөлүгү Beeline Кыргызстандагы уюлдук операторлордун ичинен Apple компаниясынын биринчи ыйгарым укуктуу реселлери болгондугу. Бул:

· Beeline – Apple компаниясынын расмий өнөктөшү экендигин;

· Анын кеңселеринде iPhone, iPad же башка гаджеттер жана аксессуарлар болобу, дүйнөгө белгилүү бренддин оригиналдуу өнүмдөрүн сатып алууга боло тургандыгын;

· Кардарлар Apple тарабынан берилген кепилдик боюнча толук тейлөөгө ээ болорун билдирет.

Мындан тышкары, уникалдуу идентификатор — IMEI/MEID номери аркылуу сатып алынган түзүлүштүн аныктыгын өз алдынча текшерүү ыкмасы бар.

Apple компаниясынын оригиналдуу өнүмдөрүн, анын ичинде iPhone 13, iPhone 14 жана iPhone 15 Asia Mall соода борборундагы (Ч. Айтматов проспектиси, 3, -1-кабат, саат 10:00дөн 22:00гө чейин) жана Асыл-Таш бизнес борборундагы (Ибраимов көчөсү, 115, 9:00дөн 18:00гө чейин) Beeline кеңселеринен сатып алса болот.

iPhone 15 сатып алуучулар атайын акцияга ээ болушат: жаңы жогорку сапаттагы смартфон менен бирге сиз “Алтын+” категориясына чейинки кооз номерди жана 4 жумага төлөнгөн “Супер безлимит” тарифин аласыз.

“Apple эч кандай кошумча жарнамага муктаж эмес, анткени бул бренд бир топ мезгилден бери сапаттын, стилдин жана заманбап технологиялардын синоними катары кабыл алынып келет. Өз кезегинде Beeline өзүн инновацияларга умтулган жана кыргызстандыктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан ишенимдүү оператор катары көрсөтө алды. Биздин өнөктөштүгүбүз өз ээлеринин көңүлүн калтырбай турган мыкты сапаттагы, ишенимдүү, оригиналдуу өнүмдөргө жетүүнү камсыз кылат”, — дейт Beeline Кыргызстандын башкы директору Андрей Пятахин.

Beeline: 25 жыл бою мүмкүнчүлүктөр жана инновациялар!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: