super.kg logo

Камчы Көлбаевдин дагы 80 миллион сомдук асыл тукум жылкылары аныкталды (фото)

 

УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Камчы Асанбек (Көлбаев) тарабынан акча каражатына сатып алынган 15 асыл тукум жылкылар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кылмыш ишинин натыйжасында, анын жалпы суммасы ведомстволор аралык баалоо комиссиясынын корутундусу боюнча 790 000 сомду түзгөн.

1. «Беш кашка» англис таза кандуу айгыры, баасы 44 000 000 сом.

2. «Командор» англис таза кадуу айгыры, баасы 26 400 000 сом.

3. «Раушан» англис таза кандуу айгыры, баасы 2 200 000 сом.

4. «Дончак» донск-англис айгыры, баасы 300 000 сом.

5. «Кундуз» англис бээси, баасы 900 000 сом.

6. «Хан сулуу» англис бээси, баасы 900 000 сом.

7. «Острый» аталышындагы чабылган аты, баасы 140 000 сом.

8. «Рошал» аттуу англис бээси, баасы 150 000 сом.

9. «Ай-Чолпон» аталышындагы таза кандуу бээ, баасы 440 000 сом.

10. «Ак Бермет» аттуу таза кандуу бээси, баасы 356 000 сом.

11. «Көк-Серек» аталышындагы бээ, баасы 100 000 сом.

12. «Көк-Жал» жарым тукум айгыры, баасы 60 000 сом.

13. «Бактөр» породасындагы минген аргымагы, баасы 704 000 сом.

14. «Бай Тору» аталышындагы бээ, баасы 440 000 сом.

15. «Эркиндик» англис айгыры, баасы 2 700 000 сом.

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун аталган мүлктөрү кийин аукциондо сатуудан түшкөн каражаттар мамлекеттик бюджетке кайтарылат.

Буга чейин атайын кызмат Көлбаевдин 700дөн ашык батири аныкталганын, алар мамлекетке өткөрүлө турганын билдирген.

Эскерте кетсек, "мыйзамдагы ууру" атыккан Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМК тарабынан өлтүрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: