super.kg logo
  Саясат  

Кадырбеков: "Рейс жылдырылган учурда авикомпаниялар жүргүнчүлөргө тамак-аш берсин"

 

Бүгүн, 26-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков рейстер кийинкиге жылдырылып, жүргүнчүлөр аба майданда күтүп калган учурларда аэропорт жетекчилиги авиакомпаниялар менен бирге аларга тамак-аш берүүнү уюштуруусу керектигин айтты.

Эл өкүлү кыштын күнү жол тайгакта унаа менен жүрүү кооптуу болгондуктан учак менен каттагандардын саны арбай баштаарын белгиледи.

"Жыл сайын бир көйгөй кайталанат. Аба ырайы туруксуз болуп, туман каптаганына байланыштуу учактар рейстеринин графигин 2-3 сааттан тарта бир күнгө чейин жылдыра берет. Ошол учурда эл кезекке туруп, аябай кыйналат. Өзүңүздөр билесиздер, аэропорттордогу тамак-аштын баалары асман чапчыйт. "Манас" аэропортуна тапшырма берип койсоңуздар, ошондой учурларда жүргүнчүлөргө ысык тамак берүү жагын караштырсын. Азыртадан тиешелүү компаниялар менен келишим түзүшсүн", - деди Кадырбеков.






Жогорку Кеңеш 26.10.23.

Жогорку Кеңеш 26.10.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: