super.kg logo
  Саясат  

Президент Жалал-Абаддагы ички жолдордун абалы менен таанышты

 

Бүгүн, 26-октябрда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы аз убакыт мурда оңдолуп бүткөн ички жолдордун абалы менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, президент УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен биргеликте шаардын ушул жылы башталып, бүгүнкү күнү өз мөөнөтүндө оңдолуп, бүткөрүлгөн Курманбек, Малашев, Манас, Назаров, Балтагулов, Осмонов, Пушкин, Мамыр Баатыр, Байзаков көчөлөрүн автоунаа менен жол жүрүп, таанышты.

Маалымдалгандай, бардык пландалган жерлерге асфальт төшөлүп, түтүктөр алмаштырылып, жөө адамдар өтүүчү жолдор салынып, тротуарлар жана түнкү жарыктандыруу орнотулган. Бардык иштер мамлекеттин эсебинен жүргүзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: