Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 313 миллион долларды түздү
2023-жылдын январь-августунда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы тышкы соода жүгүртүү 313 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен экспорт 61,6 миллион доллар, импорт 251,5 миллион доллар.
Экспорт:
- жемиштер - 23,8 миллион доллар,
- балык - 12,3 миллион доллар,
- жашылчалар - 9 миллион доллар,
- сүт жана сүт азыктары - 5 миллион доллар,
- дан эгиндеринен жасалган даяр азыктар - 5 миллион доллар.
Импорт:
- дан эгиндери - 35,6 миллион доллар,
- май жана жаныбарлардан алынган майлар - 28,8 миллион доллар,
- дан эгиндеринен жасалган даяр азыктар - 28,3 миллион доллар,
- жашылчалар - 11,1 миллион доллар,
- алкоголдук жана алкоголсуз продукциялар - 13,9 миллион доллар,
- сүт жана сүт азыктары - 8,7 миллион доллар,
- эт жана эт азыктары - 7,5 миллион доллар,
- кофе жана чай - 4,3 миллилн доллар.



