super.kg logo

Оштогу “Жапалак” унаа базары кеңейтилет (фото)

 

“Жапалак” унаа базары кеңейтилип, жаңы заманбап базарлар пайда болот. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, Жапалак унаа базарынын айланасындагы 36 гектар жердин багыты коммерциялык максатка өзгөртүлүп, трансформацияланып, мамлекеттик актысы алынды. Эми бул жерге бардык талаптарга жооп берген, заманбап шарттары менен жашылча мөмө-жемиштер жана унаа тетиктери базарын ачуу пландалууда. Муну менен катар унаа базардын да аймагы кеңейтилип, унаа токтоочу жайлар салынат.

Аталган долбоорлорду ишке ашыруу максатында бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, адистер менен биргеликте бөлүнгөн жер аянттарын көрүп, базардын жайгашуу долбоорун болжолдуу аныкташты.

Ошондой эле долбоорду ишке ашыруу менен бирге эле унаа тыгындарын жоюу жана болтурбоо максатында “Жапалак” унаа базарына чейин альтернативдик жаңы кошумча жолдорду ачуу боюнча сунушталып, пайдаланылбай турган, ачууга мүмкүн болгон жолдорду көрүп чыкты.

Кошумча жолдорду ачуу менен Ош-Араван жолундагы унаа тыгынынын алды алынып, маселе чечилет.

Калаа башчысы келерки жылы аталган аймакта болжолдонуп жаткан базарларды куруу, альтернативдүү жолдорду ачуу иштерин баштоо үчүн Ош шаардык архитектура жана жолдор башкармалыгына толук долбоорлоо иштерин даярдап бүтүрүү тапшырмасын койду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: