super.kg logo
  Саясат  

"Залкарлар отурган тарыхый кеңсе". Мирлан Самыйкожо Ак үйдөгү иш бөлмөсү менен тааныштырды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Ак үйдөгү иш бөлмөсү менен тааныштырды.

Эл өкүлү 3-кабаттагы 307-кабинетти сурап алганын айтып, себеби өзү үчүн тарыхый кеңсе экенин белгиледи.

"Биз жаңы депутат болуп шайланып келгенде атайын түзүлгөн комиссия кабинеттерди бөлүштүргөн. Ошондо мага 6-кабаттан иш бөлмө бөлүнгөн. Мен өзүм 307-кабинетти бериңиздер деп суранып, алгам. Ал эми 6-кабаттагы кандай кабинет экенин барып да көргөн эмесмин. Бул кеңсе мен үчүн тарыхый кеңсе. Себеби бул бөлмөдө кыргыздын белдүү уулдары отурган. Маселен Дооронбек Садырбаевдин өмүрүнүн акыркы мезгилдери ушу жакта өткөн. Ушул жерде Болот Шер отурган. Ошондой эле Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев өңдүү маданият өкүлдөрү отурган кабинет", - деди Самыйкожо.

Ошондой эле ал кеңсеси бир эле бөлмөдөн турарын, айрым кабинеттер сыяктуу эс алуучу бөлмөсү жок экенин көрсөттү. Мындан сырткары иш бөлмөсүн оңдоп-түзөтпөгөнүн белгиледи.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: