super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров министрликтердин жана административдик ведомстволордун орун басарларынын санын кыскартты

 
Министрлер кабинети министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын санын оптималдаштырды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалымтка ылайык, 14 аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында министрлердин орун басарларынын жана администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын 9 штаттык бирдиги кыскартылат.

- Экономика жана коммерция министрлиги;
- Каржы министрлиги;
- Тышкы иштер министрлиги;
- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
- Айыл чарба министрлиги;
- Билим берүү жана илим министрлиги;
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;
- Санариптик өнүгүү министрлиги;
- Социалдык фонд.

Мындай чечим президенттин “Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында Министрлер кабинети тарабынан министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын санын кыскартууну караган токтом кабыл алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин жогоруда аталган жарлыгын аткаруунун алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинде жана Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде жетекчинин орун басарларынын саны кыскартылган.

Мындан тышкары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин системалуу уюштуруу максатында Министрлер кабинетинин бул чечими министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүнү тартипке келтирүүгө багытталган айрым жоболорду карайт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: