Арзыбек Кожошевге Бишкек мамлекеттик университетинин "Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды






Бүгүн, 27-октябрда Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде (БМУ) Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошевге БМУнун "Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды
Экономика илимдеринин доктору Кожошевге тиешелүү наамды ыйгаруу жөнүндө күбөлүктү БМУнун ректору Абдылда Мусев тапшырды.
Арзыбек Кожошев Ош мамлекеттик университетин экономикалык география адистиги боюнча жана Кыргыз мамлекеттик университетин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган.
Эмгек жолу:
2022-жылы 20-июлдан тарта Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп дайындалган.
Сыйлыктары: Каржы министрлигинин ардак грамотасы, Кыргызстандын президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ардак грамотасы.
Салык кызматынын биринчи даражадагы кеңешчиси жана үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Классикалык (грек-рим) күрөшү боюнча спорт чебери.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0


Талкуу жабык.