super.kg logo

Бажы кызматы 32 миллион сомдук мыйзам бузууну аныктады

 

Мамлекеттик бажы кызматы бажы эрежесин бузуу фактысын аныктады, келтирилген зыяндын суммасы 32 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик бажы кызматы УКМК менен биргеликте бажы контролун жүргүзүүдө тышкы экономикалык иштин субъекттеринин ЕАЭБдин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын сактоосуна бажы контролун жүргүзүүдө "А.К.К" ЖЧКсы тарабынан бажылык укук бузуу фактысын аныкташты.

Ага байланыштуу 2021-жылдын 25-августунда ЕАЭБдин бажы аймагына Италиядан "А.К.К" ЖЧКсынын дарегине 1 миллион 450 миң долларлык авиациялык кыймылдаткычы келген.

Кыймылдаткыч учак үчүн арналган жана ушул жылдын 31-августуна чейин "Убактылуу ташып келүү" бажы жол-жобосуна коюлган.

"Убактылуу ташып келүү мөөнөтү бүтө электе "А.К.К." ЖЧКсы товарларды башка бажы жол-жобосуна жайгаштыруу максатында бажы органына кайрылган эмес, муну менен бажы мыйзамдарын бузган.

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 32 миллион 778 миң 420 сомду түздү.

Аталган факты каттоого алынып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.10.2023. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: