super.kg logo

Бишкекте үч адамдын өлтүрүлүшү: Экспертиза үчөөнүн өлүмүнүн себебин аныктады

 
Экспертиза Бишкектеги батиринде эки баласы менен өлтүрүлгөн Алтынай Канзаманованын өлүмүнүн себебин аныктады. Аялдын канынан спирт табылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда "Спутник" агенттиги жазып чыкты.
Маалыматта, бүгүн аялды эки баласына кошуп өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Аширалиевдин соту өтүп, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы айтылды.
- аял көкүрөк тушуна учтуу темир сайылып (ал бычак болушу мүмкүн), алган жараатынан көп кан жоготуп көз жумган. Канынан алкоголь, спирт табылган эмес. Соттолуучу буга чейин окуя болгон күнү аял мас болгонун айткан эле;
- 17 жаштагы кызы катуу жаракат алган, боору жарылып кеткен. Анын да көкүрөк тушуна бычак болушу мүмкүн делген учтуу темир сайылган. Канынан алкоголь табылган жок;
- 8 жаштагы уулу муунтулган.

Эске салсак, ушул жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда энеси, кызы жана уулунун денесине оор залал келтирилген жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.10.2023. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: