super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Кытайдын мурдагы премьери Ли Кэцяндын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

 

Президент Садыр Жапаров Кытайдын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпинге КЭРдин Мамлекеттик Кеңешинин мурдагы премьери Ли Кэцяндын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин экс-премьери Ли Кэцяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Ли Кэцян мырза татыктуу өмүр жолун басып өттү жана өзүнүн талыкпаган эмгеги менен Кытай Эл Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошту.

Ал жогорку мамлекеттик кызматтарда турган мезгилде кыргыз-кытай достук кызматташтыгын бекемдөөгө абдан зор эмгек сиңирген.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөм", - деп айтылат телеграммада.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: