“Таберик” балдар музыкалык театрынын концерттик залында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда Транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматта, калаа башчы бардык транспорт кызматкерлерин жана тармактын ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубатчылык жана мындан аркы кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалады.
“Жылдын кайсы мезгили болбосун шаарыбыздын жол магистралдарындагы түйшүктүү жана жеңил эмес, ошол эле учурда байсалдуу жана жемиштүү эмгегиңиздер үчүн сиздерге ыраазычылыгымды билдирем!
Транспорт жана жол чарба тармагы - Бишкек шаарынын ичиндеги бирдиктүү транспорттук тутумунун жана өндүрүштүк инфратүзүмүнүн, жашоочуларыбыздын өз ара байланышынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.
Анын туруктуулугу менен натыйжалуулугу экономикабыздын өсүшүн, калктын жашоо деңгээлин жакшыртуунун зарыл шарты болуп саналат.
Ошол себептен шаарыбыздын жолдор жана транспорт тармагын өнүктүрүү аны башкаруу системасын өркүндөтүү алдыбызга койгон эң маанилүү максаттарыбыз экенин эске алуу менен шаардыктардын жакшы жашоосу үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон жолдорду, тротуарларды, ошондой эле транспорт менен камсыздоону жалпы маанилүү иш аракетибиз катары карашыбыз зарыл”,-деди калаа башчысы.
Ага ылайык, шаардык транспорт кызматтарында өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын төш белгилери, Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Бишкекте транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнү белгиленди





Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
rojena3262

28.10.2023. 16:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.