super.kg logo

"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды (видео)

 

"Манас" аэропортунун унаа жолунда үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 28-октябрда Чүй ЖКККБнын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, кечээ, 27-октябрда саат 08:00 чамасында Манас айылында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа Хундай үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.

Ага ылайык, Хундай унаасы карама каршы тилкеге чыккан учурда түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан Хонда Степвагон унаасын сүзгөн.

Жол кырсыктын кесепетинен "Тез жардам" кызматы бир жаранды Сокулук аймагынын ооруканасына жеткирди.

Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.






"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: