Караколдо 9-класстын окуучусунун өз жанын кыйганы боюнча министрлик маалымат таратты
Билим берүү жана илим министрлиги Каракол шаарында өз өмүрүнө кол салып, каза болгон 9-класстын окуучусу тууралуу маалымат берди.
Маалыматка караганда, Каракол шаарындагы №1 инновациялык гимназия-мектебинин 9-классынын окуучусу М.Ж. ушул жылдын 27-октябрында кечки саат 21:30 чамасында өз өмүрүнө кол салып, каза болгон.
Ага ылайык, 27-октябрда каза болгон баланын апасы Н.О. уулун электрондук тамеки менен кармап алып, тамеки тартып жаткандыгын атасына билдирген. Ата-энеси баласына электрондук тамекинин ден соолукка зыяндуулугун айтып, тилдеп койгон. Ата-энесинин айткан сөздөрүн катуу кабыл алган бала өз өмүрүнө кол салган.
Кечээ, 28-октябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева каза болгон баланын үйүнө барып кабар алды.
Ал эми каза болгон баланын апасы Н.О. №1 инновациялык гимназия-мектебинде география сабагынан мугалим жана 9-класстын класс жетекчиси болуп эмгектенет.
"Билим берүү жана илим министрлиги электрондук тамеки жана башка зыяндуу заттардын ар кандай жарнамалык роликтер аркылуу балдарга сатылып жатканына тыюу салуу боюнча депутаттардын демилгесин колдоого аларын жана ага мыйзам чегинде чектөө киргизүүнү сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.





1 |