Бишкекте "Кыргызстан EXPO 2023" универсалдуу көргөзмөсү аяктады

Бишкекте "Кыргызстан ЭКСПО 2023" эл аралык универсалдуу көргөзмөсү аяктады. Бул тууралуу Соода өнөр жай палатасынан билдиришти.
Маалым болгондой, көргөзмөнүн 80ден ашуун катышуучусу тамак-аштан баштап, акыркы техникаларга жана автоунааларга чейин өз продукцияларын тартуулашты, аны келгендер жогору баалашты.
Көргөзмөдө ошондой эле Кытай, Орусия, Индия, Германия, Иран, Монголия, Беларусь жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдүн продукциялары коюлган.
Маалыматта бул иш-чара ишкерлер үчүн өз ара аракеттенүү, жаңы өнөктөштөрдү табуу жана бизнесин кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк экени белгиленет.
Көргөзмөгө катышкан компаниялар дипломдор жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
Көргөзмөнүн максаты — сапаттуу ата мекендик жана чет өлкөлүк продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү, ошондой эле ишканалардын жана Евразия мейкиндигинин өлкөлөрүнүн экономикалык, илимий-техникалык, маданий өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү болду.



