Бишкектеги Ала-Арча конушу газдаштырылды
Борбор калаадагы Ала-Арча конушунун тургундары көгүлтүр от менен камсыз болушту. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Бишкек мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов, мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев жана жаңы конуштун жашоочулары катышты.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы бул аймакта 11,5 чакырым газ бөлүштүрүүчү түйүндөрдүн курулушун белгиленген мөөнөттөн эрте бүткөргөн. Эми 850дөн ашуун үй-бүлө экологиялык таза энергия булагы менен үйлөрүн жылыта алышат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.