super.kg logo

Аймактагы лидерлер, активисттер жана ишкерлердин “Жаш муун” форуму өткөрүлдү 

 

Бишкекте 17-октябрдан 18-октябрга чейин FSDS коомдук фондунун жергиликтүү демилгелүү топтордун мүчөлөрү, жергиликтүү лидерлердин катышуусунда «Жаш муун» жаштар форуму өткөрүлдү.

Эске салсак, FSDS коомдук фонду өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында айыл өкмөттөр менен биргеликте демилгелүү топтор менен иш алып барып, ар кандай долбоорлорду ишке ашырып, жергиликтүү жаш ишкерлерге колдоо көрсөтүп келет.

Форум дал ошол региондордон келген демилгелүү топтордун мүчөлөрү жаш лидерлер, жаш ишкерлер арасында тажрыйба алмашуу, жаңы идеяларды талкуулоо максатында өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, иш-чарага өлкөбүздүн аймактарынан, ошондой эле, коңшу Өзбекстан өлкөсүнүн Андижан облусунан да коноктор келишти. FSDS коомдук фонду быйылкы жылдан тарта Өзбекстанда да бир катар долбоорлор боюнча активдүү жарандар менен иш алып барып баштаган.

Форумдун жүрүшүндө атайын чакырылган менторлор катышуучулар менен жергиликтүү көйгөйлүү маселелерди форумдун тематикаларына жараша талкулап, гендердик теңчилик, Экология жана жаратылыш ресурстарын туура колдонуу тууралуу кызыктуу интерактив болуп өттү.

Форумдун катышуучуларынын көңүлүн көтөрүү менен катар лидерлик сапаттарын өнүктүрүү максатында атайын тим-билдинг өткөрүлдү. Оюндардын жүрүшүндө ар кайсы региондон келген катышуучулар командаларга бөлүнүп, командада туура иштөө, максаттарга чогуу жетүүдө бирге аракеттенүү канчалык баалуу экендигин өз тажрыйбаларында көрүштү.

Уюштуруучулар “Жаш Муун” жаштар форуму салтка айланып, лидерлер башка региондордо өткөрүүнү кааласа уюштуруу иштерине көмөк кылышарын билдиришти.

Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарынан жана Бишкектин 4 жаңы конушунан, Өзбекстандын Андижан облусунан келген 70 катышуучу форумдагы талкуулар, баарлашуу жана тажрыйба алмашуу эң керектүү болгонун белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: