super.kg logo

Жалал-Абадда эки мектеп кызамыктан улам онлайн окууга өткөрүлдү

 

Жалал-Абад шаарында кызамык оорусуна байланыштуу эки мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мындай чечим шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссия тарабынан кабыл алынган. Алар: К.Закиров атындагы №2 жана А.Усманов атындагы № 7 орто мектептер.

Ошондой эле ушул эле чечим аркылуу Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө балдарды массалык эмдөө үчүн №063 форманын негизинде эмдөөдөн баш тарткан, же бир жолку эмдөө алган окуучулардын санын тактап, ар бир мектепте, ар бир бала бакчада эмдөө жасоо жана медициналык кароодон өткөрүү үчүн дарыгерлерге өзүнчө бөлмөлөрдү уюштуруп берүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, Республикалык иммунопрофилактика борборунун 28-октябрга карата берген маалыматы боюнча, жыл башынан бери 2316 адамдан кызамык оорусу аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: