"Тоолорго кар түшүп, үшүк жүрөт". Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратты
Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыматына караганда, 31-октябрда эртең менен күндүз жана 1-2-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
31-октябрда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
31-октябрда эрте менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
1-2-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, көпчүлүк аймактарда үшүк жүрүп, абанын температурасы -3 градуска чейин төмөндөйт.
Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14°, күндүз 0…-5° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Мындай үшүктүн жүрүшү мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.



