super.kg logo

Кара-Балтада өспүрүмдөр мушташып, 15 жашар балага ок тийген. Шектүү кармалды

 

Кара-Балта шаарында өспүрүмдөр арасында массалык мушташ орун алып, анын натыйжасында бир өспүрүм октон жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 25-октябрга караган түнү саат 1:00 чамасында орун алган. Калайман мушташта ок чыгарууга шектүү 18 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Кара-Балта шаарындагы “Сосновка бурулушу” деп аталган тилкеде 2005-2007-жылы туулган өспүрүмдөрдүн арасында мушташ болгон. Массалык мушташтын катышуучуларынын бири аңчылык куралдан ок чыгарып, натыйжада 2008-жылы туулган М.Ч. аттуу өспүрүмдү жарадар кылган. Бутунан жаракат алган бала Жайыл райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге жетип барып, анын катышуучуларын ошол эле күнү кармашкан жана Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткиришкен. Мекеменин билдирүүсүндө ал күнү канча бала кармалганы такталган эмес.

Бул факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 280-беренесинин 3-пункту менен ("Ок атуучу куралдар менен коштолгон бейбаштык") кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө мушташ учурунда ок чыгарган жаран Жайыл районунун Алексеевка айылынын тургуну, 2005-жылы туулган А.Н. атуу жаран экени такталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: