super.kg logo
  Саясат  

Казинодон жыл башынан бери канча салык түшкөнү маалымдалды

 

Быйылкы жылдын башынан сентябрь айына чейинки аралыкта өлкөдөгү казино ишмердүүлүгүнөн 58 миллион 950 миң сом салык алынды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин тогуз айдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётунда айтылат.

Расмий маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган эки казино иштеп жатат. Алар "Гранд казино" жана "Казино Кристал". "Гранд казино" лицензияны 2023-жылдын май айында алса, "Казино Кристал" казиносуна быйыл сентябрь айында берилген. Ачык бюджет порталындагы маалыматка караганда, кумар оюндарына лицензия алуу үчүн алардын ар бири 84 миллион сом төлөгөн.

Өлкөдө казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров 2022-жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.

Бишкек, Ош шаарларында казино иштетүүгө уруксат берген мыйзамды кабыл албоого чакырган митингдер өткөн.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казинолорго киргизилбейт.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев 25-майдагы парламент жыйынында казинолордон өкмөт убадалаган каражат бюджетке түшпөсө кайрадан жабыш керек деген пикирин билдирген.

Эл өкүлү Министрлер кабинети кумар оюндарына уруксат берүү мыйзамын алып келгенде жылына бюджетке 2 миллиард сомдон ашык акча түшөрүн билдиргенин эске салган .






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: