super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдөгү тотализаторлор жана букмекердик конторалардын бардыгы жабылганы айтылды

 

Өлкөдөгү тотализаторлор жана букмекердик конторалардын бардыгы жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда парламентте экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев белгилегендей, мыйзам долбоору оюн-зоок ишинин түрлөрүн бир жерге, бир оюн чөлкөмүнө, жайгаштырып топтоштурууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Муну менен катар, оюн-зоок чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, кумар оюндарын уюштуруучулардын ишин мамлекеттик жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн майнаптуулугун жогорулатуу, инвестицияларды тартууну турукташтыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү мыйзам долбоорунун милдеттери болуп саналат. Баяндамачы кошумчалагандай, «оюн автоматтарынын залы», «букмекердик контора» жана «тотализатор» сыяктуу түшүнүктөрдүн аныктамаларына тактоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Надира Нарматова кумар оюндарынын түрлөрүн бир жерде жүргүзүүнүн тартибин жана механизмдерин тактады. Буга Амангелдиев тотализаторлор жана букмекердик конторалар жабылганын айтып, жаңы мыйзам долбооруна ылайык, аталган оюн-зоок ишинин түрлөрүн бир жерге, атайын оюн аянтчасынын аймагында же казинодо жайгаштырууга уруксат берилерин маалымдады. Анын айтымында, Кыргызстандын жарандары оюн-зоок жайлардын кардарлары боло албайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: