super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Эл аралык Парламенттик оюндарда 12 өлкөнүн ичинен 3-орунду ээледи 

 

27-29-октябрь күндөрү Москва шаарында XI Эл аралык Парламенттик оюндар өттү. Бул тууралуу Жогшорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайывк, оюндардын жыйынтыгында жалпы командалар арасында Жогорку Кеңештин депутаттары 3-орунду ээлешти.

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев теннис боюнча мелдеште 1-орунга ээ болду. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары бильярд, стол тенниси сыяктуу номинациялар боюнча 3-орунду камсыздашты.

Команданын курамында депутаттар Ырысбек Атажанов, Нурбек Алимбеков, Дастан Бекешев, Жаныбек Кыдыкбаев, Замирбек Мамасадыков, Кундузбек Сулайманов, Бакыт Тентишев, Мейкинбек Абдалиев, Айгүл Айдарова, Нилуфар Алимжанова, Дастанбек Жумабеков, Азамат Исраилов, Эрулан Кокулов, Нурлан Ражабалиев, Жылдыз Таалайбек кызы жана Миргүл Темирбаева кирди.

Белгилей кетсек, оюндарга 12 өлкөдөн депутаттар чакырылып, спорттун жети түрү боюнча турнирлер өткөн. Атап айтканда, бул стол жана чоң теннис, бадминтон, кичи-футбол, шахмат, бильярд жана гольф.

Мындан тышкары гала футбол мелдеши уюштурулуп, Орусия парламентинин командасы менен дүйнө парламентарийлеринин командасы беттешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: