super.kg logo

Кадамжайда Нексиянын айдоочусу бир адамды өлтүрө сүзүп кеткен. Ал унаасын жашырып койгон жеринен кармалды

 

Баткен облусунун Кадамжай районунда бир адамды өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, кечээ, 29-октябрь күнү саат 00:50 чамасында Кадамжай районунун Исхак-Полоткан айыл аймагында 1983-жылы туулган К.Н. аттуу жаранды унаа сүзүп, айдоочусу изин жашырып кеткен. Натыйжада К.Н. окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган окуя боюнча Баткен облусунун аймагында "Перехват" планы киргизилип, айдоочуну аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Ыкчам иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айылынын тургуну 2000-жылы туулган И. уулу Т. Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаасын жашырып койгон жеринен табылган. Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: