Ошто Ленин көчөсүнөн Ош автобекетине чейинки бир тараптуу жолго асфальт төшөлө баштады





Ошто шаар ичиндеги жол тыгындарын жоюу максатында Ленин көчөсүнүн Загородный көчөсүнөн Курманжан-Датка көчөсүнө чейинки жолго асфальт төшөлө баштады. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жолдо 1,7 чакырым аралыгындагы жолду капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарынын алкагында жол сызыктарын чийүү, ирригациялык тармактарды оңдоо, тротуарларды куруу, жарыктандыруу боюнча иштер жүргүзүлөт.
"Учурда мында мыйзамсыз жана убактылуу курулган объектилерди алып салуу, жолду кеңейтүү жумуштары жүргүзүлүүдө.
Аталган тилкедеги коммуналдык тутумдардын ишин иретке келтирүү максатында Ош шаарынын бардык тиешелүү кызматтары тартылган. Бардык жумуштарды ушул жылдын декабрь айынын башына чейин бүткөрүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

