super.kg logo
  Спорт  

 Пара Азия оюндарында жеңишке жеткен спортчуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды (фото)

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президенттин жана министрлер кабинетинин атынан Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн IV Азиянын пара оюндарына катышып жеңиш менен кайтып келген кыргызстандык спортчуларды куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Хусан кызы Хайитхон дзюдо боюнча алтын медаль, Жалалдин Абдувалиев жеңил атлетика боюнча күмүш, Гүлназ Жүзбаева жеңил атлетика боюнча коло медаль тагынышкан.

Жеңүүүлөргө акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды.

“Кыргыз эли жана биздин президент сиздердин пара спортундагы жеңишиңиздер жана ийгилигиңиздер менен сыймыктанат. Паралимпиадалык спорт коомубуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Сиздердин жетишкендиктериңиздер биздин балдарыбыздын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын сергек жашоого болгон кызыгуусун арттырууга чоң түрткү болот. Биздин спортчулар эл аралык аренада өлкөнүн намысын татыктуу коргоп, жыл сайын медалдарды багындырып келишет. Албетте, бул Кыргызстандын ар бир жаранына чоң кубаныч жана сыймыктануу тартуулайт. Биздин спортчулар мындан ары дагы өлкөнүн намысын татыктуу коргойт деп ишенем. Биз мындан ары сиздерди колдоону улантабыз”, - деген Байсалов спортчуларга жаңы жеңиштерди жана рекорддук көрсөткүчтөрдү кааларын кошумчалады.

Биринчи орунга 1 миллион 250 миң сом, экинчи орунга 750 миң сом, үчүнчү орунга 500 миң сомдук акчалай сыйлыктардын сертификаттары каралган.

Эскерте кетсек, Пара Азия оюндарында Кыргызстандын курама командасы 4 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 1 коло) жеңди.

Белгилей кетсек, пара Азия оюндары 20-30-октябрь күндөрү өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: