super.kg logo

"7 килограммга жакын марихуана табылды". Баңгизаттарды ташууга бөгөт коюлду

 

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери баңгизаттарды ташуу жана сатуу боюнча туруктуу каналга бөгөт коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-октябрда Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда Талас районунун Талды-Булак айылында ГАЗ-69 үлгүсүндөгү унааны ташып бара жаткан унаа токтотулган.

Ага ылайык, унаага тинтүү жүргүзүү учурунда ыкчам кызматкерлер Драго кызматтык издөө иттин жардамы менен 18 даана көлөмү 1,5 литр пластик бөтөлкөлөрү, сумкасынан жалпы салмагы 6 килограмм 753 грамм "марихуана" табылган.

Бул баңгизаттары Чүй облусуна сатуу үчүн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан сатылып алынганы аныкталган.

Аталган унаанын ээси кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: