Министрлик: "Мамлекеттик дарыканадан дарыны 10-15 пайызга арзан алса болот"





Маалыматка ылайык, Бейшеналиев мамлекеттик дарыканалардын ачылышы элди жеткиликтүү дары-дармек менен камсыздоо көйгөйүн чече аларын айткан.
"Дарыкана Логвиненко, 30 дарегиндеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда жайгашкан. Саламаттык сактоо министрлиги ал жакта 800 аталыштагы зарыл болгон препараттар бар экенин билдирди.
Жашоочулар мамлекеттик дарыканадан дарыны 10-15 пайызга арзан ала алат”, - деп билдиришти мекемеден.
Ошондой эле министрлик 10-ноябрга чейин республика боюнча 46 мамлекеттик дарыкана ачыларын белгиледи. Ал эми дарылардын түрүн 2 миңге чейин көбөйтүү каралып жатканын баса белгиледи.
Бишкекте - 10, Ош шаарында - 3, Ош облусунда - 5, Талас облусу боюнча - 3, Чүйдө - 7, Ысык-Көл олусунда - 4, Нарын облусунда - 3, Жалал-Абад облусунда - 5, Баткенде - 6 мамлекеттик дарыкана ачылары күтүлүүдө.


