"Тоннасы 5 миң сом". Баткенде арзан баада көмүр саткан кампалар ачылды




Баткенде арзан баадагы 6 көмүр кампасы ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, ачылган кампаларда көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдон сатылууда.
Арзан баадагы көмүр эң алгач 2021-2022-жылдардагы чек ара окуяларынын жабырлануучуларына, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө берилет. Андан соң катардагы жарандардын да алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Ал эми Лейлек жана Баткен району, Баткен шаарындагы көмүр кампаларында Сүлүктү кенинин көмүрү, ал эми Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарында Бел-Алма кенинин көмүрү сатылат.
Көмүр кампалардын даректери:
- Лейлек районунун Кулунду айыл аймагы, ЦРМдин аймагы
- Раззаков шаары, Тазалык ишканасынын аймагы.
- Баткен шаары Самат Сыдыков көчөсү, болжол менен Баткен ТВнын арт жагы
- Кадамжай району, МАИ кызматынын айып короосунун алды
- Ак-Татыр айыл өкмөтү, Рават айылы, Колтук көчөсү, үй номери 25
- Кызыл-Кыя шаары, Жусубалиева 137



