Нарын шаарында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлүүдө
Нарын шаарында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мониторингдин жыйынтыгында Кара-Кече көмүрүнүн 1 тоннасы 5000 сомдон, 1 килограммы 5,4 сомдон (капка салынган) сатылып жатканы аныкталды. Ал эми сатуучуларга көмүрдүн белгиленген максималдуу баасынан ашырбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин, ошондой эле соода эрежелерин бузууларга жол берилген учурда мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөрүн эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.