Орусияда миграциялык каттоодон өтүүнүн жаңы тартиби күчүнө кирди
26-октябрдан тартып Орусияда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоодон өткөрүүнүн жаңыланган тартиби күчүнө кирди. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Эми Орусияда жүргөн Кыргызстандын жарандары миграциялык каттоо органдарына өздөрүнүн келгени жана жашы жете элек балдарынын келгендиги тууралуу https://www.gosuslugi.ru/ сайты аркылуу “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды (функцияларды) көрсөтүүнүн бирдиктүү порталы” федералдык мамлекеттик маалыматтык тутумун колдонуу менен өз алдынча электрондук түрдө билдирүү укугу берилди. Андан сырткары электрондук форматтагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маалымат системасына катталышы зарыл.
Ал эми батирдин ижарасы тууралуу келишим түзгөндө жарандар ошол үйдүн ээсинин кошумча макулдугусуз эле (өзү барып, же электрондук түрдө) өзү жана жашы жете элек балдары тууралуу ошол келишимден кабар бере алат.
Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги элчиликке мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталындагы мүчүлүштүктөр жана каттоо фактысын тастыктоо үчүн көпкө күтүүлөр менен байланышкан кайрылуулар түшүп жаткандыгын белгилеп, бул кыйынчылыктар убактылуу экендигин кошумчалады.



