super.kg logo

Махачкала аэропортундагы башаламандык: Эми блогер Хасбик дагы текшерүүгө алынат

 

Махачкала аэропортунда болгон башаламандыктан кийин Хасбик каймана аты менен таанымал блогер Хасбулла Магомедов дагы текшерүүгө алынат. Бул тууралуу Mash телеграм каналы жазды.

Блогерге каршы анын катталуучуларынын бири арыз жазган. Арыз ээси Хасбик социалдык тармактагы баракчасына "Израилдик качкындарды кабыл албашыбыз керек" деген билдирүү жазганын айткан.

Арыз ээсинин айтымында, мындай билдирүү дагестандыктарга таасирин тийгизип, Махачкала аэропортунда башаламандык болгон.

Эми блогерди прокуратура текшерүүгө алат.

29-октябрда Махачкалада Тель-Авивден учуп келген учактын учуп-конуу тилкесин жергиликтүү тургундар бузуп киришкен. Алар учактан Израилдин жарандарын издешип, аэропорттогу адамдардын паспортторунан бери текшеришкен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, аэропорт жабылган. 30-октябрда аэропорт ишин улантты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.10.2023. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эсинердеби, 1993-1998 жылдары орус армиясы чечендердин Грозный шаарын ж.б. айылдарын толугу менен талкалап салышкан. Эмне учун ошол учурду эстеп дагестандыктар чыгышпайт. Израил армиясы менен Хамас согушуп жатат. Хамас болсо шаарларга жашынып алса, ошол жактан согуш уланат да. Израил мусулмандарга кол салды деген туура эмес. Керек болсо азыр мусулман олколор арасында өз ара чыр чатактар ото коп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: