Бишкекте ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору талкууланды
Бүгүн, 31-октябрда Акыйкатчы институту ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорунун адам укуктары жана эркиндиктерин сактоого байланыштуу бөлүгүнүн сунушталып жаткан ченемдерине анализ жүргүздү. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева “ЖМК жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун жана сөз эркиндиги боюнча жагдайга арналган техникалык консультациянын маалында билдирди.
Ага ылайык, толук анализ-талдоо үчүн институт эл аралык уюмдарга кайрылды. Ошондой эле институт улуттук мыйзамдарды жетекчиликке алуу менен ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан ченемдерин изилдеп, карап чыкты.
Анда ЖМКнын өкүлдөрүнүн жана мыйзам долбоорунун демилгечилеринин позициялары эске алынганы айтылат.
Акыйкатчы “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууну сунуштайт.
"Мыйзам долбоорунда эл аралык укук жана жалпы таанылган принциптерге карама-каршы келген ченемдерди алып салуу зарыл. Акыйкатчы институту адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо жана сөз эркиндигин камсыздоонун зарылдыгын баса белгилейт.
Көз карандысыз бейтарап орган катары биз бардык кызыкдар болгон тараптарды адам укуктары менен эркиндиктери жаатында стандарттарды толук сактоо жана эң жогорку деңгээлде камсыздаш үчүн диалогго чакырабыз" деп айтылат маалыматта.
