"Ош базарында" мыйзамсыз дары-дармек саткандарга рейд жүргүзүлдү (фото)









Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаарындагы "Ош базарында" дары каражаттары жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу максатында рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Бул иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исатбек кызы жана Чыңгыз Айдарбеков катышты.
Анда дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды уруксат берүүчү документтерсиз жана тиешелүү ченемдерди сактабастан сатып жаткан бир нече контейнерлер жабылды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча беш контейнердин ээсине Укук бузуулар кодексине ылайык, протокол түзүлүп жана айып пул салынды. Мындан тышкары экспертиза жүргүзүү үчүн дары каражаттарынын үлгүлөрү алынды. Контейнерлердин ээлеринин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

