super.kg logo

Караколдо чуңкурдан жансыз денеси табылган окуучу: Ал телефонуна видео кайрылуу калтырган

 

30-октябрда Каракол шаарындагы №3 гимназия мектебинин 7-классынын каза болгон окуучусу тууралуу Билим берүү министрлиги үн катты.

Министрликтин маалыматына ылайык, Каракол шаарындагы №3 гимназия мектебинин 7-классынын окуучусу А.А. 30-октябрь күнү сабакка толук катышып, саат 17:50дө сабактан чыгып кеткен жана үйүнө барган эмес. Ал мектепте жакшы окуган окуучулардын катарында болгон.

"Класс жетекчисине окуучунун апасы саат 18:35те билдирген, ошол учурдан тартып класс жетекчиси, ата-энелер, окуучулар, мектеп администрациясы топторго бѳлүнүп, издѳѳ иштерин баштаган. Ошол эле убакта милиция кызматкерлерине кабарлашып, алар дагы издөө ишине катышышкан. Ошол эле күнү саат 22:35те баланын жансыз денеси табылган.
31-октябрь күнү эртең менен баланын телефону табылган, анда анын видео кайрылуусу болгон", - деп билдиришти министрликтен.
Аталган факты Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тийиштүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
30-октябрда саат 12:30 чамасында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылып, 13 жаштагы бала эртең менен мектепке кетип, кийин үйүнө келбей калганын билдирген. Кийинчерээк окуучунун жансыз денеси стадиондун аймагынан табылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: