super.kg logo

Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнү. Министр кесиптештерин куттуктады

 

Бүгүн, 1–ноябрда өлкөдө милиция кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп жатышат. Майрамды утурлай ички иштер министри Улан Ниязбеков кызматкерлерди куттуктады.

Төмөндө министрдин куттуктоосу:

“Мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн күнү-түнү тыным албастан өлкөдөгү ички тартипти, калкыбыздын бейпилдигин сактап келе жаткан Кыргыз милициясынын кезектеги салтанаттуу майрамын белгилеп жатабыз.

Мен бүгүн жалпы кыргыз милициясынын өздүк курамын 1–ноябрь – Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнү менен Ички иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктаймын!

Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы Жапаров Садыр Нургожоевич, коомдук тартипти сактоо багытындагы ишмердүүлүгүбүздү ар тараптан колдоого алып, материалдык-техникалык базабызды чыңдоого өзгөчө камкордук көрүп жаткандыгы – бул бизге көрсөтүлгөн өзгөчө ишеним деп эсептейбиз.
Кылым босогосунда турган Кыргыз милициясынын тарыхында канчалаган окуялар орун алып, эр жүрөк кызматкерлерибиз, тажрыйбалуу ардагерлерибиз нечендеген тарыхый окуяларга күбө болушкан!

Улуу инсандарыбыздын баскан даңктуу жолдорун, алардын иштеген иштерин сапаттуу улантып келе жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери бүгүн да сый урматка татыктуу деп эсептеймин.

Өлкөбүздүн келечеги үчүн бардык сыноолорду жана кыйынчылыктарды татыктуу жеңип, элибиздин бейпил жашоосун камсыз кылып келе жаткан ички иштер органдарынын жана Ички аскерлердин кызматкерлери – бизге тагылган милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарууга, зарыл учурда өз өмүрүбүздү да аябастан кызмат кылууга даярбыз деп ишенем.
Тарыхтын барактары белгилегендей милициянын иш-аракети эч убакта жеңил болгон эмес, өлкөбүздүн аймактарында туруктуулукту, тынчтыкты камсыз кылууда түн уйкудан калып, кызмат кылган милиция кызматкерлеринин мээнети зор. Сиздер бар үчүн, сиздердин кыраакы, кажыбас эмгегиңиздердин натыйжасында элибиз тынч уктап, бейкапар эмгектене алышат.

Кылмыштуулук менен күрөшүүдө, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоодо биздин кызматкерлерибиз мурдагыдан да кыраакылыкка, ыкчамдуулукка жана кесипкөйкөйлүккө умтулуп, заманбап санариптик технологияларды жогорку деңгээлде пайдалануу менен коомдук тартипти сактоого багыт алышты.

Милициянын кесиби жөнөкөй жарандарыбыздан баштап, мамлекеттик жооптуу жетекчилердин көз кырында турган өтө жооптуу жана түйшүктүү кызмат.

Элибиз кыйынчылык түшкөн учурда биринчи кезекте жардамга милицияны чакырып, ага ишеним артат, ошол себептүү коомдук тартипти сактоодо берген Антыбызга ар бирибиз бек туруп, адилет иштешибиз керек.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери эл менен биримдикте жана ынтымакта биргелешип, укуктук демократиялык мамлекетти курууга, өлкөдөгү саясий жана социалдык туруктуулуктун сакталышына жан аябастан тер төгө иштеп келе жатасыздар.
Милиция кызматкерлеринин ишмердигинде чынчылдык, берилгендик, кайраттуулук, баатырдык, ыкчамдуулук – бул ички иштер органдарына гана тийиштүү асыл сапаттар деп эсептеймин.

Милициянын сапаттуу ишмердүүлүгү – бул биздин өлкөнүн туруктуулугунун жана өнүгүүнүн, жарандардын коопсуз жашоосунун кепилдиги болуп эсептеле тургандыгын белгилеймин”, – деп жазылат куттуктоодо.

2011-жылдын 1-ноябрында кара кыргыз автономиялык областынын ревкому Аткаруу комитети менен административдик бөлүмдөрдү ачуу туурасындагы чечим чыгарып, анын натыйжасында областта материалдык бөлүм иштей баштаган. Материалдык бөлүмдө жалпы милиция, кылмышты тергөө жана түрмө бөлүктөрү орун алып, милициянын укук коргоо багытындагы иши 1924-жылдын 1-ноябрынан тарта башталгандыктан, бул дата кыргыз милициясынын уюшулган күнү катары кабыл алынган.

1-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: