Кыргызстанда жыл башынан бери 3 миңден ашык адам кызамык оорусун жуктурган
Өлкөдө жыл башынан бери 3289 адам кызамык оорусуна чалдыкса, алардын көбү 4 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Мааламатка ылайык, эң көп катталгандар Бишкекте - 989 адам, Ошто - 321 адам, Ош облусунда - 683 адам, Чүйдө - 515 адам жана Жалал-Абадда - 501 адам, Ысык-Көлдө - 68, Баткенде - 94, Таласта - 92, Нарында - 26 учур катталган.
Министрликтен билдиргендей, кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Окуу жылы башталгандан бери бул оору орто мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин окуучуларынын арасында, эмдөөдөн өтпөгөн балдардын арасында көп катталууда.
"Кызамык оорусунун очогун чектөө үчүн уюшкан топтордо карантин жүргүзүлүүдө, анда билим берүү мекемелери инкубациялык мезгил аяктаганга чейин дистанттык окутууга убактылуу которулат. Бишкек шаарында 2 менчик бала бакчада, бир жеке мектепте, Каракол шаарында 1 кызамык оорусу мамлекеттик бала бакчада катталган. Ал эми 30-октябрда Жалал-Абад шаарындагы эки орто мектептерде кызамык оорусу катталгандыктан карантинге жабылган. Эпидемияга жана эпизоотияга каршы атайын комиссиянын чечими менен окуу процесси убактылуу дистанциялык форматта өткөрүлөт. Бардык уюмдарга санитардык эрежелер даярдалып, жетекчилерге токтомдор менен протокол түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Инфекциянын таралышын токтотуу үчүн эмдөө менен камтуу 95 пайыздан жогору болушу керек. Кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясынын алкагында бүгүнкү күндө 450 миңден ашык бала алды, бул 76 пайызды түзөт.


