Азия чемпиондугунда Айжамал Адылбекова коло байге алды
Спортчу Айжамал Адылбекова Азия чемпиондугунда спорттун бокс түрү боюнча коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, мелдеш Казакстандын Астана шаарында өтүп жатат.
Спортчу 63 килограммга чейинки салмакта катышып, 1/4 финалда тажикстандык мушкерди утуп, жарым финалдык беттеште казакстандык спортчуга жеңилип калган.
Эскерте кетсек, 21-октябрда башталган бокс боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондугу 4-ноябрда жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.