super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш “Прокуратура жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда талкуусуз кабыл алды

 

Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңеш “Прокуратура жөнүндө” конституциялык мыйзамга жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун биринчи окууда талкуусуз кабыл алды.

Талкуусуз колдоо сунушун депутат Акылбек Түмөнбаев киргизди. Мыйзам долбоорун кабыл алууга 73 депутат макул, бир эл өкүлү каршы добуш берди.

“Прокуратура жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү президент демилгелеген эки мыйзам долбоору боюнча депутаттарга башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат берди.

Ал мыйзам долбоорунун негизги максаты Конституцияга жана башка мыйзам актыларына ылайык келтирүү, ички коллизияларды жоюу, мамлекеттик жана расмий тилдердеги кээ бир айырмачылыктарды бири-бирине дал келтирүү жана укук колдонуу тажрыйбасын эске алуу менен айрым жоболорду жакшыртуу экенин билдирди.

Бул өзгөрүүлөр колдоо тапса прокурорлор сотко чейинки текшерүү жүргүзүүгө, анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоп, тергөө органдарына тиешелүүлүгүнө жараша өткөрүп берүүгө же козгоодон баш тартууга, мыйзамда каралган учурда иштерди бириктирүүгө жана бөлүүгө, кылмыш иштери боюнча мыйзам бузуу болсо төмөн турган прокурорду четтетүүгө шарт түзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: