Ошто "Айтматовдун ааламы” аттуу салтанаттуу иш-чара өттү (фото)


















Ошто "Айтматовдун ааламы” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул туурашуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иш-чара Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана маданият кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн.
Иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жаралган спектаклдер көрсөтүлүп, Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын чыгармачыл тобу, "Акак-Ош" комузчулары, "Келечек" чыгармачылык балдар үйүнүн бий топтору, шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.
Ошондой эле, маданияттын өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар кызматкерлерге, "Маданияттын мыктысы" төш белгиси ыйгарылып, ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

