super.kg logo

MEGA жергебиздин "эң суук уюлундагы" Ак-Сай өрөөнү менен Корумду чек ара тозотун байланыш менен камсыздады

 

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору түйүндүн камтуу аймагын кеңейтүү жана оптимизациялоо жумуштарын туруктуу түрдө жүргүзүп келет. Компаниянын адистери жетүү кыйынчылык жараткан жерлерге өзгөчө көңүл буруп, өлкөнүн бардык аймактарында заманбап жогорку технологиялык түйүндү куруу боюнча жигердүү иш алып барууда. Мамлекеттик уюлдук оператордун биринчи кезектеги милдети − бардык кыргызстандыктарды сапаттуу байланыш менен камсыз кылуу.

MEGA компаниясы республиканын уюлдук операторлорунун ичинен биринчилерден болуп Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүнүн бийик тоолуу аймагында жайгашкан Корумду чек ара тозотунда жаңы базалык станция орнотту. Аталган өрөөн деңиз деңгээлинен 3000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан жана жергебиздин суук аймактарынын катарына кирет.

Сапаттуу уюлдук байланыш мамлекеттик чек араны коргоонун натыйжалуулугун гана арттырбастан, катаал климаттык шарттарда кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо шарттарын да бир топ жакшырта тургандыгы бышык.

Жаңы базалык станция тарабынан Чатыр-Таш жайлоосу, Ак-Сай маданий борбору жана Көл-Суу көлүнө баруучу жолдун айрым бөлүгү тейленет. Суук мезгилде калың жааган кардан жана байланыштын жоктугунан улам, Ат-Башы районунун жашоочулары кыйынчылыктарга дуушар болуп келишкен. Эми болсо, MEGAнын көмөгү менен, жыл бою байланышта болууга өбөлгө түзгөн жогорку сапаттагы үн байланышын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

«Белгилүү болгондой, Ат-Башы району территориясы боюнча республикабыздын эң чоң аймагы болуп саналат. Ал жерде жайгашкан алыскы жайыттарды байланыш менен камсыз кылуу үчүн, биз өлкөбүздөгү уюлдук компанияларга кайрылдык. Биздин кайрылуубузга MEGA мамлекеттик уюлдук оператору жооп берди. Базалык станция малчылар жана чабандар менен ыкчам байланышууга шарт түзөт. Аткарылган иштер үчүн MEGA компаниясынын жетекчилигине жана адистерине ыраазычылык билдиребиз», − деп белгиледи Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Жыргалбек Омокоев.

MEGA дүйнөлүк алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн маалыматтык чечимдеринин негизинде өзүнүн техникалык тармагын өркүндөтүүгө дайыма инвестиция салып келет.

«Биз MEGA компаниясына Ак-Сай жана Ат-Башы өрөөндөрүнүн тургундарынын атынан ыраазычылык билдиребиз. Эми жакындарыбыз менен бат-баттан баарлашып, күнүмдүк маселелерди оңой эле чечип, жакшы жаңылыктар менен бөлүшүп турабыз, − деп жыйынтыктады Ат-Башы районунун тургуну, − биз бардык кыргызстандыктарды өзүбүздүн байланышты колдонууга чакырабыз».

MEGA 4G/3G/2G түйүнү менен камтуу боюнча алдыңкы сапта кле жаткан, Кыргызстандын калкынын 99 пайыздан ашыгын байланыш менен камсыздаган оператор






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: