super.kg logo

"Мамлекетке 40 миллион сом зыян келтирген". Ошто бажы жана сот кызматкери кармалды

 

Ошто бажы жана сот кызматкери конфискацияланган товарды мыйзамсыз сатканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-июлда Ош облустук соту тарабынан аткезчилик жол менен алынып келинген болжолдуу баасы 48 миллион 706 миң 780 сомдук 24 тонна 738 килограмм “Serbetli” аталышындагы кальян тамекиси мамлекетке конфискацияланып, кийин Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Бирок Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча жооптуу адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, жашыруун сатуу максатында Кара-Суу районунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн жана мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын катышуусу менен ачык аукциондо сатуу үчүн конфискацияланган товарларды “Бажы инфраструктурасы” ММнин түштүк бөлүмүнө жөнөтүшкөн.

18-октябрда жогорудагы кызмат адамдары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине карабастан, тергөө жана сот органдары тарабынан белгиленген товарлардын реалдуу рыноктук наркын эске албай, жабык аукцион уюштуруу шылтоосу менен товарларды арзандатылган баада 8 миллион 497 миң 503 сомго сатып, ошол эле учурда ири суммадагы акчалай сыйлык алышкан.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында, 31-октябрда “Бажы инфраструктурасы” ММнин түштүк филиалынын кызматкери О.А. жана Кара-Суу райондук САКБнын башчысы М.К. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмышка шектүү делип кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: