super.kg logo

Мындан ары бала бакчаларда балдардын тамагына акчаны ата-энелер гана төлөйт

 
Эми бала бакчаларда балдардын тамагына акчаны ата-энелер гана төлөйт. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Финансы министрлигинен билдирди.
"Ата-энелердин эсебинен каржыланган мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусу боюнча социалдык тармактарда тараган маалыматтар боюнча Финансы министрлиги маалымдайт: 11-августта кабыл алынган “Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылат", - деп жазылат анда.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда президенттин администрациясына жазылган Финансы министрлигинин каты тарап кеткен. Анда бала бакчаларда балдардын тамактануусуна ата-энелер гана акча бериши керек деп жазылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: