super.kg logo

Пенсия жогорулатылгандан кийин орточо эсеби болжолдуу түрдө айтылды

 

Соңку маалыматка караганда, Кыргызстанда пенсия жогорулагандан кийин орточо эсеп менен 9 миң 273 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Социалдык фонддун өкүлү Жеңишбек Мукамбетов Биринчи радиого берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын октябрь, ноябрь жана декабрь айлары үчүн пенсияны жогорулатууга 3,9 миллиард сом бөлүнгөн. Ага ылайык, төлөмдөргө бөлүнгөн сумма 6 миллиард сомдон 7,3 миллиардга чейин өстү.

елерки жылы пенсияга жараша муктаждык 16 миллиард сомго көбөйөт, андыктан бул үчүн каражат Социалдык фонддун бюджетине киргизилген. Айтылган сумма бар жана алар өз убагында төлөнөт. Болжолдуу түрдө 1-октябрга карата Кыргызстанда 764 миң 688 адам пенсия алуучу катары катталган.

Кошумчалап кетсем 3-группадагы майыптыгы бар адамдарга бөлүнгөн пенсиядан тышкары дагы 50 пайыз кошулат. Бул жолу алардын пенсиясына 500 сом эмес, 250 сом кошулду", - деди Мукамбетов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: